Ысык-Көлдө июнда тоо марафону өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоо марафону. Архив
Тоо марафону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Жыл сайын бул спорттук иш-чарага Кыргызстандан жана коңшу Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышып жүрөт.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2021-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунда Tien – Shan Trail Race аттуу тоо марафону старт алат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев "Ак-Сай Трэвел" компаниясынын директору Елена Калашникова менен жолугуп, тоо марафонуна даярдык көрүү маселесин талкуулаган.
"Бул спорттук иш-чараны өткөрүү тоо марафонун жарнамалоо жана сергек жашоону жайылтуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул жылы да марафон көптөгөн спорт сүйүүчүлөрүн жана кесипкөй спортчуларды чогултат деп ишенебиз. Ал эми биз алардын коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүп, чыныгы спорттук майрам тартуулашыбыз керек", — деди Шабданбаев.
Tien – Shan Trail Race аттуу тоо марафону Кыргызстанда 2018-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Жыл сайын иш-чарага Кыргызстандан жана коңшу Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышат. Анда 3, 10, 22, 42 чакырымга чуркоо пландалган. Тоо марафону тууралуу кененирээк маалымат trail.kg сайтында жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0