22 пенальти. "Вильярреал" Европа лигасынын чемпиону болду

© REUTERS / JANEK SKARZYNSKI"Вильярреалда" Жерар Морено биринчи голун белгилеп жатат
Вильярреалда Жерар Морено биринчи голун белгилеп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Беттеш пенальти менен аяктап, оюн талаасындагы дээрлик бардык 22 футболчу тепти. Удаасы менен 21 голдон соң англиялыктардын дарбазачысы Давид де Хеа топ киргизе албай калды.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Европа футбол уюмунун (UEFA) Европа лигасынын 2020-2021-жылдагы мелдешин Испаниянын "Вильярреал" командасы жеңди. Финалда алар Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубун утканын eurosport маалымат булагы жазды.
Негизги убакыт жана кошумча берилген эки тайм 1:1 эсеби менен аяктап, жеңүүчүнү пенальтилер сериясы аныктаган.
 Европалык футболдук ассоциациялар союзунун (UEFA) логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
UEFA "Реал", "Барселона" жана "Ювентуска" каршы иш козгоду
Бул аталган мелдештин тарыхындагы эң узакка созулган пенальти сериясы болду. Оюн талаасындагы футболчулардын дээрлик баары, дарбазачылары да, 11 метрлик аралыктан топ тебишти. Дээрлик 21 топ удаасы менен гол болду. Акыркы, 22-болуп англиялыктардын дарбазачысы Давид де Хеанын тепкенин испаниялыктардын дарбазачысы Херонимо Рульи тосуп алды. Буга чейин ал өзү топ тээп киргизген болчу.
"Вильярреал" тарыхында өзүнүн алгачкы ири олжосун утту. Команда буга чейин эки ирет Интертото кубогун жеңген. 2006-жылы UEFA уюмунун Чемпиондор лигасы мелдешинин жарым финалына чейин жеткен.
Эрежеге ылайык, бул мелдешти жеңген команда келерки жылдагы Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычынан ойноого укук алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0