Боксчу Эржан Тургумбеков Екатеринбургдагы турнирдин башкы беттешинде кармашат

© Sputnik / Светлана ФедотоваКыргызстан боксчу Эржан Тургумбеков. Архив
Кыргызстан боксчу Эржан Тургумбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Профессионалдык бокс кечеси бир айдан кийин өтөт. Тургумбеков анда армениялык Жора Амазарян менен күч сынашат.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Эржан Тургумбеков профессионалдык бокс кечесинин башкы беттешинин бирине чыгат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Турнир 26-июнда Екатеринбургда өтөт. Тургумбековдун атаандашы армениялык Жора Амазарян болмокчу. Боксчулар 59 килограмм салмакта кармашат.
Кыргызстандык мушкер профессионалдык бокстагы сегиз беттеште жеңүүчү болуп, эки ирет жеңилген. 2019-жылы Евразия чемпиону болгон. Соңку беттештеринин биринде "Рой Жонс-кичүүсү менен жеке кармаштар боюнча РМК Академиясынын шоусу" аттуу турнирге катышып, атаандашын утуп алган. Ага атактуу америкалык боксчу Рой Жонс-кичүүсү конок катары келип, Тургумбеков менен атаандашынын салмакка түшүү аземинде ортолорунда турган.
Ал эми атаандашы карьерасында 10 беттешти утуп, үч ирет жеңилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0