Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив
 Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
UWW ири мелдешти тескей турчу 50 кишини бекиткен. Калыстарды тандоо процесси эки жылга созулуп, катуу талаптар коюлуп, добуш берүү жүргөн.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарында калыстык милдетти аркалайт. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы билдирди.
Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды
Белгилүү машыктыруучу Мейрамбек Ахметов Кыргызстанда бир топ балбанды тарбиялаган. Шакирттеринин бири Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алып кайткан. Ошондой эле Арсен Эралиевдин жана Акжол Махмудовдун да машыктыруучусу.
Sputnik Кыргызстан редакциясы буга чейин Ахметов менен баарлашып, эмгек жолу тууралуу сүйлөшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0