Хабибдин ордун ээлеген Оливейранын урматына Бразилияда парад уюштурулду. Видео

© AFP / CARMEN MANDATOUFC уюмунун жеңил салмагында чемпиону Чарльз Оливейра
UFC уюмунун жеңил салмагында чемпиону Чарльз Оливейра - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
16-майда Чарльз Оливейра чемпиондук беттештин экинчи раундунда Майкл Чендлерди нокаутка кетирип, алтын курдун ээси болгон.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Хабиб Нурмагомедовдун ордуна UFC уюмунун жеңил салмагында чемпион болгон Чарльз Оливейраны мекени чемпиондук парад менен тосуп алды. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, видеосун чыгарды.
​Бразилияга келген чемпионду миңдеген күйөрманы тосуп алган. Алтын кур тагынган мушкер Сан-Пауло штатынын Гуаружа көчөсүнөн өрт өчүрүүчү унаа менен өттү.
Эске салсак, 16-майда Оливейра чемпиондук беттештин экинчи раундунда америкалык Майкл Чендлерди нокаутка кетирип, Хабиб Нурмагомедовдон калган алтын курдун ээси болгон.
Андреа Ли менен Антонина Шевченко беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
UFC Антонина Шевченко менен анын атаандашына бирдей гонорар берди
Муну менен Чарльз Оливейра промоушендин тарыхында жеңил салмактагы 11-чемпион болду. Бул наам буга чейин россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго таандык эле. Ал 2018-жылы Эла Яквинтаны утуп алтын кур тагынган. Кийин 2018-жылдын октябрында ирландиялык Конор Макгрегорду, 2019-жылдын 7-сентябрында америкалык Дастин Порьени жана 2020-жылдын 24-октябрында дагы бир америкалык атлет Жастин Гэтжини утуп чемпиондук наамын коргогон. Ушул жылдын 19-мартында россиялык жеңилбес чемпион спорттогу карьерасын расмий жыйынтыктаганын промоушендин башчысы Дана Уайт жарыялаган. Мындан улам чемпиондук орун бош калган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0