Азат Усеналиев баштаган боксчулар Азия чемпионатында күчүн сынайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыргызстандык боксчу Азат Усеналиев. Архив
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Анда улуттук команданын алты мушкери күчүн сынайт.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катыша турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Футбол матчындагы оюнчулардын көлөкөлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Дүйнө чемпионаты: тандоо оюндарына барчу футболчулардын тизмеси жарыяланды
Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев жетектеген топ алып барат.
Белгилей кетсек, курама команданын мушкерлери мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жиберилүүдө.
Ата мекендик мушкерлер буга чейин Азия чемпионатына Бишкекте даярдык көрүшкөнү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0