18:38 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
165 0 0

Жоламан март айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия мелдешинде чемпион болуп, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков окуу-машыгууда жүрүп бука менен таймашка чыкты. Кызыктуу окуянын видеосун спортчу өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Видеодон көрүнүп тургандай, балбанды достору кадимки беттешке чыга тургандай булчуңдарын укалап, даярдап чыгарышкан. Ал жаныбар менен бетме-бет келип, башка ургулап, кыжырдантат. Ал арада бука Жоламанды качырып кирген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жоламан Шаршенбеков (@jolaman_sharshenbekov)

Дагы бир видеодо балбан бул көрүнүштү функционалдуулук жана ылдамдык жагынан машыгуу деп атаган. Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү мындай аракет кооптуу экенин айтып, аны туурабоо керектигин эскерткен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жоламан Шаршенбеков (@jolaman_sharshenbekov)

Жоламан Шаршенбеков — Кыргызстан курама командасынын мүчөсү катары Токио Олимпиадасына баруучу балбан. Ал март айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия мелдешинде 60 килограмм салмактагылар арасында чемпион болуп, жолдомо уткан.

Тема боюнча

Жоламан сальто жасап, буту менен тор баштыкка топ салды. Суктандырган видео
Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады
Белгилер:
Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү, окуу, машыгуу, видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ