Дайыма жаныңдамын! Валентина Шевченко жеңилген эжесин колдоп пост чыгарды

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоUFC чемпиону Валентина Шевченко жана бир тууган эжеси Антонина Шевченко. Архив
UFC чемпиону Валентина Шевченко жана бир тууган эжеси Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Валентина эжесин жакшы көрөрүн айтып, андан күч-кубат аларын билдирген. Белгилей кетсек, Антонина Шевченко бүгүн америкалык каршылашынан жеңилип калды.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн атаандашынан жеңилип калган эжеси, бир тууганы Антонина Шевченкону колдогон билдирүүсүн соцтармакка жарыялады.
"Сен менин баатырымсың. Дайыма күч-кубат берген, үлгү ала турган адамымсың. Кымбаттуу эже, мен сени аябай жакшы көрөм! Дайыма жаныңда болом", — деп жазган Валентина.
Буга чейин соцтармактын колдонуучулары эжесинин атаандашын Валентина тапанча менен унаа токтотуучу жайда күтүп жатат деп тамашалашкан.
Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана аты бар) UFC 262 турниринин алкагында америкалык атаандашы Андреа Лиге ("КГБ" каймана аты менен таанымал) утулуп калды.
Ушуну менен Антонина үчүнчү ирет жеңилүү ызасын тартып отурат. Буга чейин ал сегиз жолу жеңишке жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0