08:03 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
141 0 0

Кыз-келиндердин жеңил салмактагы рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана атын алган) кезектеги беттеш алдында атаандашы Андреа Ли (КГБ каймана аты менен таанымал) менен көз караштар таймашына чыкты. Атлет кыздардын бири-бирине айбат көрсөтүп, жүз карашкан видеосун UFC Russia уюму өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Посттогу видеого “UFC 262 мелдешинде “Пантера менен КГБ беттеши” деген билдирүү калтырган.

Антонинанын бир тууган сиңдиси, UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко постко англис тилинде “Let’s go @antoninapantera!” деген комментарий жазды.

Кыз-келиндердин жеңил салмактагы (57 килограмм) рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

Кыргызстандык мушкер кыз муну менен промоушендеги алтынчы беттешине чыгат. Акыркы жолу былтыр ноябрда UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюму ага 50 миң доллар бонус берген.

Анын атаандашы Андреа Ли кикбоксинг спортунун чебери болгон. Кийин ММА спортуна өтүп, 2018-жылдан бери UFC уюмунун мелдештерине чыгып келет. Аралаш мушташ спортунда ал жалпысынан алты беттеш өткөрүп, акыркы үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Кармаш 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өтөт.

Тема боюнча

Үч жашар Валентина менен жети жаштагы Антонина. Мушкерлердин сейрек сүрөтү
UFC Антонина Шевченко менен Андреа Линин беттешинин расмий постерин чыгарды
Белгилер:
Антонина Шевченко, UFC, беттешүү, Андреа Ли

ЭҢ МААНИЛҮҮ