20:03 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
194 0 0

15-майда Шевченко UFC уюмундагы алтынчы беттешине чыгат. Ага америкалык мушкер кыз Андреа Ли атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко өткөн беттеште алган бонусун кантип коротконун, кезектеги атаандашы америкалык Андреа Ли менен кантип таанышканын айтып берди. Бул тууралуу спортчу UFC Russia уюмунун YouTube каналына берген маегинде билдирди.

"Алган бонустардын баарын мен учууларга коротуп жатам. Буга чейинки беттештерде алган сый акыларыма мыкты учак сатып алгам. Менин көптөн бери максат кылып жүргөн көксөөм орундалды", — деген ал.

Белгилеп кетсек, Антонина эки ирет, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын ноябрындагы мелдештерде мыкты кармаш тартуулагандыгы үчүн 50 миң доллардан бонус сый акы алган.

Кыргызстандык мушкер кыз, ошондой эле, учурдагы атаандашы менен кантип таанышып калганын да айткан.

"Биз АКШга көчүп келгенде Хьюстондо жашап калдык. Андреа Ли дагы Техастан болот. Биз анын кикбоксинг боюнча беттешин көргөнбүз. Валентина да ал мелдешке катышкан. Жолукканбыз, сүйлөшкөнбүз, бирок бирге машыккан эмеспиз", — деди Антонина.

Эске сала кетсек, 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдеши өтөт. Анда кыргызстандык Антонина Шевченко промоушендин алкагында алтынчы беттешине чыгып, КГБ каймана аттуу Андреа Ли менен кармашат.

Тема боюнча

Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды
Белгилер:
Антонина Шевченко, UFC, беттешүү, бонус, учак

ЭҢ МААНИЛҮҮ