Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат

© Sputnik / Табылды КадырбековДзюдочу кыздар беттеш учурунда. Архив
Дзюдочу кыздар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Өспүрүмдөр арасындагы турнир бүгүн башталып, үч күнгө созулат. Кыргызстандын атынан үч спортчу жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Дзюдо боюнча өлкөнүн кыздар курама командасы Казакстандагы өспүрүмдөр арасында Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш 14-16-май күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага үч спортчу барат.
  • Жанар Жолдошева — 52 килограмм;
  • Адина Көчкөнбаева — 57 килограмм;
  • Ирина Черемушкина — 48 килограмм;
  • Елена Исакова, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, атлеттер турнирге Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0