15 секундада жыга чапты. РФте машыккан Чыңгыз Жамалдин уулунун жеңиши. Видео

© Фото / Pexels / Pavel DanilyukММА мушкери. Архив
ММА мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Россиянын Владивосток шаарындагы "Молот" спорттук клубунун атынан чыккан. Ал төртүнчү беттешинде да жеңишке жетти.
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Чыңгыз Жамалдин уулу (4-0) Россияда өткөн мелдеште атаандашын 15 секундада жыга чапты. Бул тууралуу кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер жазып, нокауттун видеосун чыгарышты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от pro_.mma_kg (@pro_.mma_kg)

Жамалдин уулу Владивосток шаарындагы "Молот" спорттук клубунун атынан чыккан. Ал беттештин биринчи раундунун 15-секундунда эле атаандашы Долматты ээк тушка уруп, нокаутка кетирген. Муну менен Чыңгыз ММА спортундагы көрсөткүчүн төрт жеңишке жеткирди. Жеңиле элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0