Балбан кыз Нураида Анаркулова лицензиялык турнирге катышат

© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спортаКыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын коло медаль ээси Нураида Анаркулова (оңдо)
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын коло медаль ээси Нураида Анаркулова (оңдо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Буга чейин балбан кыздардан Токио Олимпиадасына лицензияны Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алган.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын коло медаль ээси Нураида Анаркулова Олимпиадага жолдомо бере турчу турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, Анаркулова 5-10-май күндөрү София шаарында (Болгария) лицензиялык дүйнө мелдешине барат. Спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.
Анаркулова 2017-жылы Азия чемпионатында вице-чемпион болгон. 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасында Азия чемпионатында дагы күмүш байге, ошол эле жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Россияда өткөн ачык кубокто алтын медаль тагынган. 2021-жылы Азия чемпионатынан үчүнчү орунду алды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Спорт Кыргызстан (@sport.kyrgyzstann)

Буга чейин балбан кыздардан Токио Олимпиадасына лицензияны Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алган.
Кыргызстандык фехтование боюнча спортчу Роман Петров (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат. Өлкө куржунунда азыр 12 лицензия бар.
Sputnik кыргызстандык спортчулардын маанилүү мелдешке даярдыгы жана Олимпиадада медаль алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу материал даярдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0