Кыргызстан акыркы лицензиялык мелдешке тандалган балбандарды жиберет

© Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAГрек-рим күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов мелдеш учурунда. Архив
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Лицензиялык турнир 6-9-май күндөрү Болгариянын баш калаасы София шаарында өтөт. Бул күрөштүн түрлөрү боюнча Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү акыркы мелдеш болуп саналат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Спорттук күрөш федерациясы Токиодо боло турган Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган дүйнөлүк лицензиялык мелдешке жети балбан алып барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга федерациянын вице-президенти, Азия күрөш уюмунун бюросунун мүчөсү Мелис Турганбаев билдирди.
Лицензиялык турнир 6-9-май күндөрү Болгариянын баш калаасы София шаарында өтөт. Бул күрөш түрлөрү боюнча Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү акыркы мелдеш болуп саналат.
"Грек-рим күрөшүнөн Мурат Рамоновду даярдадык (130 килограмм). Ал эми 67 килограмм салмак категориясы боюнча эки-үч талапкердин арасынан тандап жатабыз. Эркин күрөштөн болсо Алмаз Исламбеков (57 килограмм), Арсалан Будажапов (74 килограмм), Саякбай Усупов (86 килограмм), ал эми эң оор 125 килограммга Айаал Лазерев барат", — деген Турганбаев.
Ошондой эле ал мелдеш дүйнөлүк деңгээлде болгондуктан ишенимдүү делген балбандар жиберилерин кошумчалады.
Эске салсак, грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков Олимпиадага лицензия алышкан. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев жана кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова жолдомого ээ болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0