UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео

© AFP / Alex Menendez/Getty ImagesUFC 261 в Джексонвилле. Роуз Намаюнас и Вейли Чжанг
UFC 261 в Джексонвилле. Роуз Намаюнас и Вейли Чжанг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Америкалык белгилүү мушкер Роуз Намаюнас кытайлык Вэйли Жангды жеңип, кайрадан UFC уюмунун чемпиону болду. Сүйүнгөнүнөн көз жашын тыя алган жок.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Спортчулар АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында кармашты.
Беттеш бир раундга эле созулду. Намаюнас Жангды башка тээп сулатып, андан кийин ургулап баштаганда беттеш токтотулду.
Натыйжада америкалык спортчу 52 килограмм салмактагылар арасында кайра чемпион болду. Курун 2019-жылы бразилиялык Жессика Андрадеге алдырып жиберген. Ал эми Андраде кытайлык Жангдан коргой албай калган.
Кийинчерээк Намаюнас Андраде менен реванш беттеш өткөрүп утуп алган. Бирок анда атаандашы чемпион эмес эле.
Баса, биз сөз кылган Жессика Андраде менен бүгүнкү UFC турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко кармашып, техникалык нокаут менен чемпиондук наамын коргоп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0