Легендарлуу боксчу Орзубек Назаров китебин презентациялады

© Фото / Чынгыз ИсмаиловБоксчу Орзубек Назаров китебин презентациясы
Боксчу Орзубек Назаров китебин презентациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Боксчу илгертеден бери күндөлүк жазгандыктан китеп чыгарууну ойлоп жүргөнүн айтат. Китебинин бет ачары бүгүн, 24-апрелде, өттү.
БИШКЕК, 24-апр. – Sputnik. Кыргызстандык белгилүү боксчу Орзубек Назаров өзү тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде "Кайрадан согуш" аталышындагы китебин презентациялады. Бул тууралуу спорт ишмери Sputnik агенттигине билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Орзубек Назаров (@orzubeknazarov)

Назаров китеп жазууну көптөн бери ойлонуп жүргөнүн айтып, 1983-жылдан бери жазып келген күндөлүгүндөгү ой толгоолору, турмушта өйдө-ылдый болгон учурлары камтылганын белгиледи.
"Андан тышкары, сленгдерим, тамашаларым, башымдан өткөн окуялар камтылган. Ошондой эле архивдик сүрөттөр бар. Окурмандарга кызыктуу болот деп ишенем", — деди боксчу.
Ал китепти 2019-жылы жазып бүткөнүн, 2020-жылы пандемияда басмаканалар иштебегендиктен эми чыгарып жатканын кошумчалады.
Китептин бет ачары 24-апрелде, ишемби күнү, саат 14.00дө өттү. Китеп орус жана кыргыз тилдеринде жалпы 1000 нуска менен чыккан. Баасы 500 сом.
Орзубек Назаров профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин Бокс федерациясынын вице-президенти.
Жаңылыктар түрмөгү
0