Кыргызстандын өзүнүн ММА спорту бар. Шевченко UFC уюмундагы ийгилиги тууралуу. Видео

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүUFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Ата мекендик мушкер кыз UFC уюмундагы чемпиондук титулун коргоо үчүн бешинчи ирет кармашка чыгат. Спорттук иш-чара 15 миң көрүүчүнүн катышуусу менен өтмөкчү.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андраде менен чемпиондук курун коргоо үчүн болуучу беттеш алдында UFC Russia YouTube-каналына маек берди.
Мушкер кыз алдыдагы беттешке даярдык кандай өткөнүн, атаандашынан эмнени күтөрүн, ошондой эле кытайлык Вэйли Чжан жана эки дивизиондун чемпиону Аманда Нуньес менен болуп калышы мүмкүн деген кармашуулар тууралуу ой бөлүштү.
“Машыгуу лагерин биз Лас-Вегаста UFC Apex жана UFC Performance Institute жайларында өткөрдүк. Беттешке эки апта калганда Флоридага келдик. Биринчи жума кульминациялык учур, ушул аптада көбүрөөк спаррингдерди жана беттештерди өткөрүүгө туура келет. Экинчи жумада машыгуу бир аз азаят. Өзүмдү жакшы сезип турам, салмагым ордунда”, — деген ал.
Ал ошондой эле колдоп турган сүрөөнчүлөрдү сагынганын белгиледи.
Белгилей кетсек, мушкерлер кечесине COVID-19 пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет көрүүчү киргизилет. Алардын саны чектелбейт. Март айынын соңунда UFC башчысы 15 миң көрүүчү катышчу спорттук иш-чаранын билеттери бир нече мүнөттөрдө эле сатылып кеткенин айткан.
Маек учурунда Шевченкодон өзү сокку уруучу спортчу болгонуна карабай, көпчүлүк жеңиштерин сабмишен менен утканын сурашкан.
Доминантная королева — UFC представил проморолик предстоящего боя Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады
“Мен түпкүлүгүндө сокку уруучу спортчу эмесмин. Машыктыруучум Павел Федотовдун баштапкы идеясы бизди универсалдуу мушкер кылып даярдоо болгон. Ошондуктан биз башынан эле күрөштү да, таэквондону да өздөштүргөнбүз. Бизде, Кыргызстанда, кулатуу улуттук спорту бар. Бул кадимки ММА сыяктуу. Эрежелери окшош. Биз бул спорт боюнча көптөгөн мелдештерге катышканбыз. Ошондуктан мен эрежесиз мушташ менен башынан эле таанышмын”, — деди ал.
Шевченко кытайлык Вэйли Чжан жана Аманда Нуньес менен супер беттештер тууралуу айтып жатып, UFC уюму сунуштаган кандай гана мушкер болбосун, аны менен октагонго чыгууга даяр экенин билдирди.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.
Кыргызстандык спортчу UFC уюмундагы чемпиондук титулун коргоо үчүн бешинчи ирет кармашка чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0