Конор Макгрегор "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууга белсенип жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүUFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор. Архив
UFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Мушкер мындай билдирүүнү коомчулукта "Манчестердин" америкалык ээлери клубду сатууга ниеттенгени тууралуу маалыматтар чыккандан кийин жасаган.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. UFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор англиялык атактуу "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
Мушкер мындай билдирүүнү коомчулукта "Манчестердин" америкалык ээси клубду сатууга ниеттенгени тууралуу маалыматтар чыккандан кийин жасаган.
"Баарыңа салам. Мен "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну ойлонуштуруп жатам. Буга кандай пикир айтасыңар?" — деген ал.
Легендарлуу клубдун акциясына ээлик кылган Глейзерлердин үй-бүлөсү европалык Суперлига боюнча долбоор токтотулган соң клубду сатуу жагын караштырып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Эске салсак, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор бизнес жаатында да бир катар ийгиликтүү кадамдарды жасаган. Эки-үч жыл ичинде эле ал виски чыгарган өзүнүн менчик брендин түптөп, кеңири тааныткан. Айрым маалыматтар боюнча, брендин ири өлчөмдөгү каражатка саткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0