Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн Азияда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи

© Photo / UWW / Kadir CaliskanАкжолу Махмудов
Акжолу Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Азия чемпионатында улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 2021-жылдагы Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Азия күрөш уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от United World Wrestling Asia (@uww.asia)

Мелдеште улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.
Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Кыргызстандык эки оор атлетчи Олимпиадага жолдомо алууга жан үрөйт
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталды. Ата мекендик спортчулар Руслан Царев (72 килограмм), Калидин Асикеев (82 килограмм) жана Атабек Азисбеков (87 килограмм) өз салмактарында экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты.
Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм) Амантур Исмаилов (67 килограмм), Кайрат Түгөлбаев (77 килограмм), Бексултан Махмудов (97 килограмм) жана Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге алышты.
Кыргызстан 138 упай топтоп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды. Экинчиге 141 упай менен Казакстан жетсе, Иран командасы 169 упай менен биринчи орунду ээледи.
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталып, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы баш болгон спортчулар килемге чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0