Кыргызстандык жаш футболчулар Гиннесс рекордун жаратууга аракет кылып жатат

© AFP / TOSHIFUMI KITAMURAБалдар футбол боюнча машыгуу учурунда. Архив
Балдар футбол боюнча машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
"Достук үчүн футбол" — балдардын эл аралык социалдык программасы, 2013-жылы негизделген. Ага 211 мамлекеттен 15 миң спортчу катышат.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жаш футболчулар Гиннесстин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу "Газпром" ААКсынын маалымат кызматынан билдиришти.
Компания онлайн-форматта өтө турган "Достук үчүн футбол" эл аралык социалдык программасынын тогузунчу сезонун ачууда. Иш-чара 14-29-май күндөрү өткөрүлөт.
Футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
КР футболчулары кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына каршы акция уюштурду
211 өлкөдөн 12-14 жаштагы футболчулар 32 курама командага биригип, Футбол боюнча дүйнөлүк онлайн-чемпионатка катышат.
Ал эми иш-чаранын жүрүшүн Эл аралык балдар маалымат борборунан жаш журналисттер чагылдырат. Чемпионаттын катышуучулары "көп улуттун өкүлдөрү катышкан футболдук машыгуу" жана "эң көп адам катышкан футболдук онлайн-иш-чара" багыттары боюнча Гиннесс рекордун жаратууну пландашууда.
"Достук үчүн футбол" — балдардын эл аралык социалдык программасы, 2013-жылы негизделген. Ага 211 мамлекеттен 15 миң спортчу катышат. Буга чейин аталган иш-чарага жалпысынан 6 миллион адам аралашкан. Программанын максаты — футбол аркылуу жаш муунду актуалдуу баалуулуктарга жана дени сак жашоого көндүрүү. Аны УЕФА, ФИФА сыяктуу футболдук ири уюмдар колдойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0