58 жаштагы бокс легендасы Эвандер Холифилд рингге чыгат

© AFP / Sean GardnerКесипкөй бокстан оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд
Кесипкөй бокстан оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Таймаш Triller аянтчасындагы шоунун экинчи башкы беттеши болот. Ал ар бири эки мүнөттөн турган сегиз раундга эсептелген.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кесипкөй бокстан оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Кевин Макбрайд менен көргөзмө беттешке чыгат. Бул тууралуу Boxing Scene порталына таянып РИА Новости жазды.
Оор салмактагы британиялык мушкер Диллиан Уайт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Уайт Поветкинди нокаутка кетирип бокстан дүйнө чемпиону болду. Видео
Беттеш 5-июнга белгиленген.
Жакында эле 58 жаштагы Холифилд элдешкис атаандашы Майк Тайсон менен кармашууга кызыкдарлыгын билдирген болчу. Ал тургай демөөрчүлөр алардын таймашына 200 миллион доллар гонорар берери айтылган. Бирок тараптар таймашты уюштуруу боюнча бир пикирге келе алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0