Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири

© AFP / MATTHEW STOCKMAN / GETTY IMAGES NORTH AMERICAUFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Апрелдин этегинде UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион (52 кг) Жессика Андраде менен кармашат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Букмекерлердин божомолунда бразилиялык мушкер Жессика Андраденин кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону утууга такыр мүмкүнчүлүгү жок.
Белгилей кетсек, Шевченко жакында Абсолюттук мушкерлер уюмундагы (UFC) эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын бешинчи ирет коргомокчу.
"Марафонбет" букмекердик конторасы мындай коэффициенттерди койду: кыргызстандык спортчунун жеңишине — 1,24, бразилиялык мушкердин ийгилигине  — 4,15. Favbet болсо Андрадеге дээрлик үмүт арткан эмес: 1,23 жана 4,6 деген бааларды берген. Негизи коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңишке ишеним ошончолук жогору.
Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешет.
UFC представил трейлер предстоящего боя Валентины Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.
Кеченин башкы беттешинде Камару Усман менен Хорхе Масвидаль жолугушат. Ошондой эле "чегирткенин салмагындагы" (UFC боюнча эң жеңил салмак — ред.) спортчулар Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0