Кыргызстан ФИФАны бизнес-долбоорлорду каржылоого чакырды

© AFP / OZAN KOSE Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) логотиби. Архив
 Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Пандемия өлкөлөрдүн футболуна да кедергисин тийгизип жатат. Ошондуктан көптөгөн мамлекеттерде футболду каржылоо көйгөйү жаралууда деди Кыргыз футболдук союзунун башчысы.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов Дүйнөлүк футбол уюмуна (ФИФА) ар кандай бизнес-долбоорлорду колдоону сунуштады. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
КР футболунун 100 жылдыгы, өлкөгө келчү Жанни Инфантино. КФС президентинин маеги
Маматовдун белгилешинче, коронавирус пандемиясы өлкөлөрдүн футболуна да кедергисин тийгизип жатат. Илдет дагы деле басаңдай элек. Мындан улам мамлекет ичинде да, АФК сыяктуу эл аралык институттарда да футболду каржылоо көйгөйү жаралууда.
"Бул абал бир канча жылга созулса, анда ушундай эле көйгөйгө ФИФА да кабылышы мүмкүн. Анда мамлекеттик бюджети чектелүү Кыргызстанга окшогон өлкөлөр үчүн чоң кыйынчылык жаралат. Мындайлар дүйнөдө көп. Ошондуктан ФИФА жана АФК уюмуна кайрылып, футболдук ассоциацияларга кошумча каржылык булагын түзүүгө жардам берүүнү сунуштайм. Мисалы, ФИФА COVID-19га байланышкан маселелерди чечүүгө пайызсыз насыяларды берүүгө даяр. Бирок айрым ассоциациялар аны кайтара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан ФИФА мындай насыянын жардамы менен каржы булагын түзүү идеясы бар тараптардын бизнес-долбоорлорун колдоого алуусу керек", — деген Канатбек Маматов.
Белгилей кетсек, отурумда АКФнын аткаруу комитети уюмдун 2021-жылга карата финансылык абалы тууралуу маалыматын укту.
Жаңылыктар түрмөгү
0