17:54 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Пандемия өлкөлөрдүн футболуна да кедергисин тийгизип жатат. Ошондуктан көптөгөн мамлекеттерде футболду каржылоо көйгөйү жаралууда деди Кыргыз футболдук союзунун башчысы.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов Дүйнөлүк футбол уюмуна (ФИФА) ар кандай бизнес-долбоорлорду колдоону сунуштады. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 7-апрелде, Бахрейндин Манама шаарында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аткаруу комитетинин жетинчи отуруму болгон. Ага ФИФАнын президенти Жанни Инфантино да катышкан.

Маматовдун белгилешинче, коронавирус пандемиясы өлкөлөрдүн футболуна да кедергисин тийгизип жатат. Илдет дагы деле басаңдай элек. Мындан улам мамлекет ичинде да, АФК сыяктуу эл аралык институттарда да футболду каржылоо көйгөйү жаралууда.

"Бул абал бир канча жылга созулса, анда ушундай эле көйгөйгө ФИФА да кабылышы мүмкүн. Анда мамлекеттик бюджети чектелүү Кыргызстанга окшогон өлкөлөр үчүн чоң кыйынчылык жаралат. Мындайлар дүйнөдө көп. Ошондуктан ФИФА жана АФК уюмуна кайрылып, футболдук ассоциацияларга кошумча каржылык булагын түзүүгө жардам берүүнү сунуштайм. Мисалы, ФИФА COVID-19га байланышкан маселелерди чечүүгө пайызсыз насыяларды берүүгө даяр. Бирок айрым ассоциациялар аны кайтара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан ФИФА мындай насыянын жардамы менен каржы булагын түзүү идеясы бар тараптардын бизнес-долбоорлорун колдоого алуусу керек", — деген Канатбек Маматов.

Белгилей кетсек, отурумда АКФнын аткаруу комитети уюмдун 2021-жылга карата финансылык абалы тууралуу маалыматын укту.

Тема боюнча

АФК кыргыз футболуна берчү жардамын 2022-жылдан тарта жандантат
Белгилер:
каржылоо, сунуш, ФИФА, Канатбек Маматов, Кыргыз футбол союзу, футбол

ЭҢ МААНИЛҮҮ