21:02 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Бул жеңиш Кыргызстандын дзюдо тарыхында Азия жана Океания чемпионатында алтын байге алган алгачкы учур болду.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания биринчилигинде чемпион болду. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу Сергей Мистрюков Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Анын айтымында, 81 килограмм салмактагылар арасында кыргызстандык балбан финалдык таймашта түштүк кореялык Мун Жин Ли менен кармашып жеңип алган.

"Финалда Золоевге бир гана жеңишти камсыздоо тапшырмасы коюлуп, спортчу аны толук аткарган", — деди Мистрюков.

Золоевдин бул жеңиши Кыргызстандын дзюдо тарыхында Азия жана Океания чемпионатында алтын байге уткан алгачкы учур болду.

Эскерте кетсек, ал 8/1 финалда сириялык Мохаммед Касемди жана чейрек финалда кореялык Сунгхо Лини иппон ыкмасы (таза жеңиш) менен уткан. Ал эми жарым финалда монголиялык Саид Моллаеи менен кармашып, упай айырмасында жеңишке жеткен.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушул күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 6-апрелде старт алды. Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен спортчулар Олимпиада оюндарына рейтинг упай топтошот.

Кечээ кыргызстандык дагы бир балбан Кубанычбек Айбек уулу 60 килограмм салмакта күрөшүп, коло байге уткан.

Программага ылайык, эртең, 8-апрелде, эркектер арасында 90 килограмм, 100 жана 100 килограммдан жогорку салмактагылардын таймашы болот.

Кыргызстандан Эрлан Шеров (90 килограмм) жана 100 килограммдан жогорку саймактагы алп балбандар Юрий Краковецкий менен Бекболот Токтогонов өлкө намысын коргоп килемге чыкмакчы.

Ал эми кыз-келиндерден 78 килограмм жана андан оор салмактагы балбандар мелдешет. Оор салмакта ата мекендик спортчу кыз Нагира Сарбашова таймашат. Квалификациялык беттештер саат 10:00дө башталат. Ал эми 17:00гө финалдык кармаштар белгиленген.

Тема боюнча

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатынан коло байге утту
АФК кыргыз футболуна берчү жардамын 2022-жылдан тарта жандантат
Белгилер:
Владимир Золоев, Кыргызстан, чемпионат, дзюдо

ЭҢ МААНИЛҮҮ