Бишкекке Япония менен Кореянын дзюдочулары чемпионатка катышууга келди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСДзюдо боюнча чемпионатка катышуучулар
Дзюдо боюнча чемпионатка катышуучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСБишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди
Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСАга 32 мамлекеттин спортчулары катышат
Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат
1/3
Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди
2/3
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт
3/3
Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
"Чемпионатты коронавирус шарттында өткөрүү протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЦР-тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган", — деп айтылат маалыматта.
Азия жана Океания мелдешине Австралия, Бахрейн, Кытай Тайбэйи, Фиджи, Гуам, Гонконг (Кытай), Индия, Иран, Япония, Иордания, Казакстан, Кирибати, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Жаңы Зеландия, Пакистан, Кытай, Филиппиндер, Катар, Түштүк Корея, Сауд Аравиясы, Сирия, Тажикстан, Таиланд, Тонга, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Өзбекстан жана Йемен өлкөлөрүнөн атлеттер катышат.
Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Бишкекте өтө турган Азия жана Океания мелдешине 32 өлкөнүн балбандары катышат
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилбейт. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0