16:37 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
23920

Кыргызстандык Казбек Мияров Дубайдын чөлүндө жөө күлүктөрдүн ультрамарафонуна катышып, 50 чакырымга чуркаган.

Спортчу бул аралыкты Дубайдын 40 градус ысыгында багынтуу оңой болбогонун айтып, спорттук иш-чара тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду.

— Негизи буга чейин марафондорго катышып, чуркап жүргөнүңүздү билебиз. Бул ошондо канчанчысы болду?

— Ушуну менен алтынчы ультрамарафонго катыштым. Ага чейин Астанада үч ирет чуркагам. Андан кийин Алматыда тоодо бир жолу, капчыгайда эки ирет чуркадым. Алардын ичинен Дубайда чуркаганым абдан оор болду. Биринчиден чөл ысык болсо, экинчиден ал жактын аба, суусуна көнө албай кыйналдым.

— Иш-чарага кандайча катышып калдыңыз?

— Спорттун бул түрүнө 2014-жылдан тарта кызыга баштагам. Анда казакстандык бир компания менен иштешип, ал ишкананын Кыргызстандагы өкүлү болчумун. Биздин башкы директорубуз дайыма триатлондорго катышып жүргөн киши эле. Бул тармакка келип калышыма ал дагы себепчи болду. Спорттун бул түрүнөн абдан көп адамдар менен тааныштым, кызыктуу кишилерден кадимкидей мотивация алчумун. Эверест тоолоруна кычкылтеги жок чыгып аман-эсен түшкөн кишини көргөндө, чөлдөрдө бир нече ультрамарафондорго катышып Гиннестин рекорддор китебине кирген казакстандык байке менен жолукканда адамдын колунан баары келет турбайбы деген ой келген. Ошондон бери триатлон, ультрамарафондорго катышып келем. Тоо-ташты аралап чуркадык. Ысык-Көлдү айланып чуркаганча таштанды тазалаган долбоор уюштурдум. Бүт жерде чуркап, чөлгө эле бара элек болчумун. Ойлосом, эң жакыны Дубай экен. Жакында эле ал жакта өтчү марафонду көрүп калып, катталып, катышып келдим.

Ультрамарафонец Казбек Мияров в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эрмек Жумагулов
Кыргызстандык Казбек Мияров Дубайдын чөлүндө жөө күлүктөрдүн ультрамарафонуна катышып, 50 чакырымга чуркаган

— Дубай ысык да. Анан калса чөлдө 50 чакырымды кантип чуркадыңыз?

— Чынын айтсам, кыйын эле болду. Буга чейин мен тоого чыгып же түшүп, түз жерде чуркачумун да. Дубайда болсо бир өйдөгө чыгып кайра түшүп жатып эле чарчап калдым. Ал жакка барып алып эс албай эле керектүү кийим, буюмдарды издедим. Себеби чөлдө чуркаш үчүн байпактан тарта баш кийим, көз айнекке чейин жакшылап тандаш керек. Атайын ошого ылайыгын кийүү зарыл. Дүкөн кыдырып жүрүп эртеси эле марафонго чыктым. Старт таңкы саат 6:00дө берилди. Биринчи эки чакырым жакшы эле чуркадым. Андан кийин төбөдөн 40 градус ысык урду. Мен билбей туура эмес сумка алып алыптырмын. Башкалардыкы термос сумка экен. Ысыкта суулары кайнап кетпейт, меники жөнөкөй болуп, суум ысып кетип иче албай, уюштуруучулардыкын алып жаттым. Андан кийин кумдуу бороон башталып, жолдо эки сааттай кармалып калдым. Ошентип марага 10 саатта жеттим. Ага чейин көп болсо 7-8 саатта келсем керек деп ойлоп жаткам.

— Марафонго канча киши катышты эле. Марага жетпей калгандар болдубу?

— Спорттук иш-чарага 300дөй адам катышты. Арасынан Казакстандан бир кишини, Россиядан эки адамды көрдүм. Кыргызстандан мен катыштым. Калгандары Европа, Сауд Аравиянын өзүнөн экен. Марага 25 адам жетпей калды окшойт.

Уюштуруучулар марафонду абдан жакшы өткөрдү, бардык органдын өкүлдөрү коштоп, абалыбызды текшерип, көзөмөлдөп жатты. Өзүмдүн даярдыгым жакшы болбой калды окшойт. Мындай марафондо чуркоо үчүн эртерээк барып аба, суу, тамак-ашына көнүш керек экен. Мен суусун иче албай, тамагын жей албай кыйналдым. Марафондон кийин эки күн кыймылдабай мейманканада жаттым. Тамагыман суу менен жер-жемиш эле өтүп жатты. Кыргызстанга кайткандан кийин бир жумада өзүмө келдим окшойт.

Ультрамарафонец Казбек Мияров.
© Фото / Данил Борнвентуро
Казбек Мияров: мындай марафондо чуркоо үчүн эртерээк барып аба, суу, тамак-ашына көнүш керек экен. Мен суусун иче албай, тамагын жей албай кыйналдым

— Он саат чуркаганда курсагыңар ачса керек. Эмне жегенге болот?

— Ар кимдики ар кандай. Айрым спортчулар белок, углеводдору бар батончиктерди жешет. Бирок мен андайларды жей албайм. Финик, курут алып алгам. Ал жакта туз бар болгондуктан, курут жедим. Негизи витаминдерди табигый таза азыктардан алса болот.

— Адатта марафондорго акы төлөп катышат го. Сиз ал жакка канча төлөдүңүз?

— Мен бул марафонго катышуу үчүн 275 доллар төлөдүм. Спорттук иш-чара үчүнчү ирет өтүп жаткандыктан арзан болду. Негизи мындай марафондор, мисалы, чөлдө өткөндөрү 1500 долларга чейин алат. Катышуучулар абдан көп болот.

Марафон — туризмди, спортту өнүктүрүү жагынан абдан керектүү иш-чара. Мисалы, Франция, Италияда өткөрүлгөн марафондорго ар бир катышуучу акча төлөйт. Ошол каражат менен кичинекей бир шаардын бир жылдык бюджетин жаап коюшат.

Ультрамарафонец Казбек Мияров в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эрмек Жумагулов
Казбек Мияров: марафон — туризмди, спортту өнүктүрүү жагынан абдан керектүү иш-чара. Мисалы, Франция, Италияда өткөрүлгөн марафондорго ар бир катышуучу акча төлөйт

— Айрымдар марафонго акча төлөп катышып эмне кереги бар деп ойлошу ыктымал. Бирок спорттун бул түрүнүн да өзүнүн артыкчылыктары болсо керек.

— Ооба, андай сөздү көп адамдан уктук. Бирок чуркоо ден соолук үчүн абдан маанилүү да. Чуркаган адамдын маанайы дайыма жакшы болот. Марафонго катышарда даярданасың, анан койгон аралыкты багынтып келгенден кийин байгелүү болгон адамдай өзүңө ыраазы болосуң. Кеп акчада эмес. Муну биз өзүбүздүн ден соолук, жашоо образыбыз үчүн жасап жатабыз. Анан башкаларга үлгү көрсөтүп, адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, аларды спортко үндөгүбүз келет. Дайыма чуркап, марафондорго катышып жүргөн 60-70 жаштагы кишилерди көрсөң маанайы биздикинен сонун. Күүлүү-күчтүү, тың, оорубайт. Адам үчүн ошол нерсе эле маанилүү да. Аларды көргөндөн кийин ого бетер шыктанып, спорт менен машыккың эле келет.

Бизде чуркагандар эми көбөйдү. Машыгуу залында иштегендиктен чуркагандардын саны пандемиядан кийин өскөнүн байкадым. Ага чейин машыгуу залындагы жарыш жолу бош турчу, пандемия башталгандан тарта залга келип чуркагандардын саны дароо арбыды. Жашоо азыр мурдагыдай эмес, кыймыл аз. Кара жумуш жасагандардын саны кыскарып, физилогия жактан адамдын пайдубалы бузулуп жатат. Ошондуктан азыркы заманда спорт менен машыгуу зарыл.

— Чөлдө 50 чакырым чуркайм деп ата-энеңизге айттыңыз беле, алар кандай кабыл алышты?

— Жок, айтпай эле барып, катышып келгенден кийин билдирдим. Атам спорт менен көп жылдан бери алектенет. Бирок узак аралыкка марафондорду укканда сарсанаа болуп "жөн эле залга барып машыкчы" деп калат. Аларды кабатыр кылбаш үчүн адатта марафонго катышып келгенден кийин айтам.

Ультрамарафонец Казбек Мияров.
© Фото / Данил Борнвентуро
Казбек Мияров: атам спорт менен көп жылдан бери алектенет. Бирок узак аралыкка марафондорду укканда сарсанаа болуп "жөн эле залга барып машыкчы" деп калат. Аларды кабатыр кылбаш үчүн адатта марафонго катышып келгенден кийин айтам

— Кыргызстанда да марафондордун саны көбөйүп, коомчулук аны жакшы ала баштабадыбы. Жаңыдан чуркап баштагандарга сиздин кеңешиңиз.

— Чуркоону баштасаңыз, анда сизди куттуктайм. Бул эң сонун чечим. Колдон келсе аны таштабай улантып кетиңиз. Бир жолу тааныш балам чуркап баштады. Чуркоодон эргүү алгандан кийин мага келип "бул сонун турбайбы, кадимкидей жаман ойлор азайып, жумушка барганда жакшы иштеп жатам" деп, андан аркы режим, графиктерин жаздырып кеткен.

Марафондорго катыша бериш керек. Алгач 5, 10 чакырымга жаздырса, бара-бара аралык узара баштайт. Марафондо алгач жай чуркоо керек. Канчалык жай чуркасаң, ошончо көп аралыкты багынтасың.

Чуркаганда жакшы бут кийим тандап кийүү шарт. Мисалы, өтө катуу эмес же өтө жумшак эмес. Анан бут кийим бир-эки өлчөмгө чоң болгону жакшы.

Мен жаңы чуркап баштаганда дароо 21 чакырымды тандап алып аябай кыйналгам. Анткен болбойт. Жанды кыйнабай акырындык менен аз-аздан чуркай берсе, бара-бара узак аралыкка чуркоого организм өзү эле көнүп калат.

Тема боюнча

Кыска убакытта арыктоо эмнеси менен кооптуу. Диетолог Дүйшөнкулованын маеги
Ата мээримин таятаман издедим... Назира Айтбекованын айылга каты
Жапаровдун баласысыңбы деп сурашат. Президентке окшош Аскардын маеги
Белгилер:
Казбек Мияров, ультрамарафон, чөл, спорт, чуркоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ