Кубанганынан секирип... Улуттук командага чакырылган футболчунун видеосу

© AFP / VIRGINIE LEFOURТүркияда улуттук курама командага чакырылган футболчу Алпаслан Өзтүрк. Архив
Түркияда улуттук курама командага чакырылган футболчу Алпаслан Өзтүрк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
"Гөзтепе" клубунун коргоочусу мейманканага кирип баратып улуттук командага чакырылганын уккан.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түркияда улуттук курама командага чакырылган футболчу Алпаслан Өзтүрк сүйүнүчүн жашыра албай мейманкананын кызматкерин да кучактап жиберди. Эмоция менен коштолгон окуя тууралуу Eurosport жазып, анын видеосун чыгарды.
"Гөзтепе" клубунун коргоочусу мындай кубанычтуу кабарды мейманканага кирип баратып телефондон уккан. Мындай күтүүсүз чакырууга спортчу кадимкидей секирип кубанган. Өзтүрк сүйүнүчтүү маалыматын мейманкананын күзөтчүсү менен бөлүшүп, аны да кучактап жиберген.
​Окуянын видеосун аталган клуб социалдык тармактардагы баракчасына чыгарса, аны 1,8 миллион колдонуучу көргөнү маалым болду.
Футболчу Түркия командасына Латвия менен болуучу беттеш алдында чакырылган. Бирок ал бул оюнда талаага чыккан эмес. Беттеш 3:3 эсеби менен аяктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0