Бишкекте өтө турган Азия жана Океания мелдешине 32 өлкөнүн балбандары катышат

Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Дзюдо боюнча мындай ири турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Чемпионат Олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына 32 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова Ташкент марафонунан алтын утушту
Азия жана Океания мелдешине Австралия, Бахрейн, Кытай Тайбэйи, Фиджи, Гуам, Гонконг (Кытай), Индия, Иран, Япония, Иордания, Казакстан, Кирибати, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Жаңы Зеландия, Пакистан, Кытай, Филиппиндер, Катар, Түштүк Корея, Сауд Аравиясы, Сирия, Тажикстан, Таиланд, Тонга, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Өзбекстан жана Йемен өлкөлөрүнөн атлеттер катышат.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Чемпионат Олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерация бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилбейт. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0