Олимпиадага даярдык. Новиков бир катар тапшырмаларды берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив
Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Олимпиада оюндарына жана эл аралык турнирлерди өткрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешмеде бир катар чечимдер кабыл алынды.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков Токиодогу Олимпиада оюндарына жана эл аралык турнирлерди өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешмеде ал быйылкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда жеңишке жетүү үчүн спортчуларга бардык шарттарды түзүү керектигине токтолду.
"Эгемендүүлүк жылдары бизде мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай жана мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Учурда ал салтты жаш муундагы спортчулар улантууда. Ошондуктан биз Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Андыктан биз спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл", — деди Новиков.
Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
  • спорттун түрлөрү боюнча федерациялар менен биргеликте спортчулардын алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;
  • дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатын, ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн каражаттын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;
  • Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү, сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;
  • Жайкы олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу сборлорунун өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;
  • Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;
  • спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндары Токиодо 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин өтүшү керек. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык мелдеш өз убагында өтпөй калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0