Дарбазадан тебилген топ экинчисине кирип кеткенде... Видео

© AFP / LAURENCE GRIFFITHSФутболчу. Архив
Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Сырттан караганда акырын тебилген топ учуп барып, улам жерге тийип отуруп атаандаш клубдун дарбазасына кирип кеткен.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Португалиялык "Варзим" клубунун голкипери Рикарду Нунеш "Мафра" клубуна каршы беттеште өзгөчө голдун ээси болду. Бул учурдун видеосу Twitter тармагындагы Canal 11 аккаунтуна жүктөлдү.
​Футбол боюнча Португалиянын чемпионатынын экинчи таймында 38 жаштагы голкипер Нунеш өзүнүн айып аянтчасынан топ тээп, атаандашынын дарбазасына киргизген.
Сырттан караганда акырын тебилген топ учуп барып, улам жерге тийип отуруп "Марфа" клубунун дарбазасына кирип кеткен.
Натыйжада дарбазачынын командасы 2:0 эсеби менен жеңишке жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0