"Достук" командасы калыстарга нааразы. Жеңилбес улакчылардын талашы эмнеде

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган турнирдеги таймаш көпкө чейин эл оозунан түшпөс болду.
Бүгүн Нооруз майрамынын урматына Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары өттү. Бүйүр кызыткан көк бөрү оюну да тартууланып, жогорку лиганын финалында илгертеден атаандаш болуп келген Ош облусунун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары кездешти. 
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достук" жана "Ынтымак" командаларынын беттеши
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Достук" жана "Ынтымак" командаларынын беттеши
"Достук" командасын жетектеп келген Кыяз Ниязов финалдык беттештин үчүнчү бөлүгүндө каршылаштары салган акыркы улакты негизсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал оюн бүткөндөн кийин журналисттерге берген маегинде билдирди. 
© пресс-служба ГАМФКиС"Достук" командасын жетектеп келген Кыяз Ниязов
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Достук" командасын жетектеп келген Кыяз Ниязов
"Бүгүнкү оюнда толугу менен калыстардан кетти деп айта алам. Муну бир эле "Достук" командасы эмес, элдин баары айтып жатат. Биз 4:3 болуп турганда Эламан ("Ынтымактын" оюнчусу — ред.) улакты алгандан кийин чийинден чыгып кеткен. Ошол учурда капталдагы калыстардын бирөөсү жыгылып калды, экинчиси оюнду токтотууга байрак көтөргөн. Жыгылып калган калыс муну танып, "мага айтып келген жоксуңар" деп жатат. Биринчи калыс байрак көтөргөнүн мойнуна алды, бирок "менин күчүм жетпейт, чечип бере албайм" деп жатат. Андан кийин балдардын деле маанайы түшөт да. Калыс тартып жатканда оюн башкача кетет", — деди Ниязов.
Ошол эле учурда ал каршылаштарына ийгилик каалап, жеңиши менен куттуктады.
Ал эми Талас облусунан келген "Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев оюн адилет өткөнүн айтып, атаандашынын келтирген жүйөсүн четке кагууда. 
© пресс-служба ГАМФКиСТалас облусунан келген "Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Талас облусунан келген "Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев
"Жок, андай болгон эмес, мен алардын айткандарын туура эмес кабыл алам. Алар үчүнчү тайм бүткөндөн кийин келип калыска айтып, талашып жатышат. Биздин улакчы оюн талаасынан чыгып кеткен эмес. Оюн калыс эле болду деп эсептейм", — деди Жолдошбаев.
Мындан сырткары, ал бүгүнкүдөй беттеш эки жыл мурун "Сары-Өзөн" командасы менен болгонун белгиледи. Ошондо дагы "Ынтымак" командасы буллиттен утуп алганын айтат. Соңунда Жолдошбаев атаандаштарынын кийинки оюндарына ийгилик каалады. 
© Sputnik / Эмиль Садыров"Достук" менен "Ынтымактын" кыл чайнашы. Кан дүргүткөн буллиттин видеосу
Достук менен Ынтымактын кыл чайнашы. Кан дүргүткөн буллиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Достук" менен "Ынтымактын" кыл чайнашы. Кан дүргүткөн буллиттин видеосу

Кеп эмне жөнүндө болуп жатат?

Үчүнчү таймдын 15 мүнөтүндө "Ынтымактын" оюнчусу Эламан Нурболот уулу улакты такымдап оюн талаасынын чекеси менен чаап өткөн. "Достук" командасы дал ушул учурду айтып, чаап баратканда чийинден чыгып кеткенин белгилөөдө.
Нурболот уулунун аракети менен оюн бүтөрүнө үч жарым мүнөт калганда дагы бир улак таштап, эсеп саны теңелген.
Үчүнчү бөлүк аяктап, кошумча убакыт бериле турган болгондо "Достуктун" капитаны калыстарга кайрылып, талаштуу жагдайды көтөрдү. Натыйжада калыстар оюн талаасына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Оюн кандай өттү

Катуу даярдык менен келген жеңилбес командалар бири-бирине катуу айбат көрсөттү.
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ынтымактын" чабуулчусу Нуржан Мелисбек уулу эсеп санын ачты. Экинчи салымды Дастан Сагынбек уулу жасап, 2:0 эсеби менен бүттү.
Деген менен экинчи тайм учурунда "Достук" күчтөнүп, Султан Русланов жана Майрамбек Рыспеков удаасы менен атаандаштарынын тай казанына улак ыргытты. Ошентип эсеп саны 2:2 болуп теңелди.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Улактын териси сыйрылгыча тартышты. Бүйүр кызыткан көк бөрү финалынан 17 сүрөт
Чечүүчү делген үчүнчү бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө кайра эле Оштун командасынын оюнчусу Бекболсун Алтынбек уулу бир салым жасады. Анын артынан Эрсултан Айдаркан уулу дагы бир улак таштады.
Бирок "Ынтымактын" көк бөрүчүлөрү кайра эки улак салып койду. Ошентип негизги оюнда командалар 4:4 эсеби менен тең чыкты. Мындан улам жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бирок мында дагы эсеп өзгөргөн жок.
Андан соң оюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Анда да кан-жанын аябай ойногон тажрыйбалуу улакчылар атаандашына жөн гана утулуп берген жок. Биринин артынан бири тай казанга улак ыргытып жатты. Акыры алтынчы улакты салганда "Достуктун" оюнчусу жаза басып, натыйжада 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталды.
Нооруз майрамына карата уюштурулган бул мелдеш көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган.

Байге ээлери кимдер болду

Жогорку лига:
  • 1-орун, "Ынтымак" командасы, Талас облусу – 500 000 сом;
  • 2-орун, "Достук" командасы, Ош облусу – 200 000 сом;
  • 3-орун, "Сары-Өзөн" командасы, Чүй облусу – 100 000 сом;
  • 4-орун, "Ала-Тоо" командасы, Ош шаары – 70 000 сом;
  • 5-орун, "Жаш Күч" командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;
  • 6-орун, "Мурас" командасы, Ысык-Көл облусу – 30 000 сом.
Биринчи лига:
  • 1-орун, "Кара-Буура" командасы, Талас облусу – 100 000 сом;
  • 2-орун, "Жети-Өгүз" командасы, Ысык-Көл облусу – 50 000 сом;
  • 3-орун, "Бакубат Талас" командасы, Талас облусу – 30 000 сом;
  • 4-орун, "Сокулук" командасы, Чүй облусу – 20 000 сом.
Жогорку лигадагы "Ынтымактын" оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана биринчи лигадагы "Кара-Бууранын" оюнчусу Ариет Төлөнөв "мыкты улакчы" аталды.
Ошондой "Чемпион" (Жети-Өгүз" командасы, биринчи лига) жана "Шахмат" ("Достук" командасы, жогорку лига)  атын алып жүргөн аргымактар "мыкты ат" деп табылды. Ээлерине акчалай сыйлыктар да ыйгарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0