Хабибдин Eagle FC уюму Кыргызстанда турнир өткөрүүнү пландап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Мындай чечим Бусурманкул Абдибаит уулунун мыкты беттеш көрсөткөнүнөн кийин кабыл алынган. Иш-чара жай айында болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle FC лигасы ушул жылдын жай айында кезектеги мелдешин Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу промоушендин президенти Шамил Завуров кечээ Россиянын Краснодар шаарында өткөн уюмдун мелдешинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын кыргызстандык спорттук пабликтер билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от pro_.mma_kg (@pro_.mma_kg)

Анын белгилешинче, мелдеш жай айларына пландалууда.
"Биз уюмдун бир мелдешин Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатабыз. Анын (Бусурманкул Абдибаит уулу) мындай мыкты беттешинен кийин, албетте, өткөрөбүз. Ал кеченин башкы беттешине чыгышы керек. Эгер кыргызстандык мушкер дагы ушундай деңгээлде беттешсе, анда ал дивизиондун чемпиондук титулу үчүн чыгууга талапкер болот. Турнирди Кыргызстанда жай айында өткөрсөк болот", — деген ал.
Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык Владислав Королевский менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылып, кармаш кеченин мыкты беттеши аталган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EAGLE FIGHTING CHAMPIONSHIP (@eaglefcmma)

Завуров, ошондой эле, кыргыз мушкери менен атаандашы кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн уюмдун тарыхында алгачкы жолу ар бирине 100 миң рубль акчалай бонус берүү чечими кабыл алынганын кошумчалаган.
"Негизи биздин уюмда эч кандай бонус каралган эмес. Мен булардын кызыктуу кармашын көрүп, экөөнө тең акчалай бонус берели деп сунуш киргиздим. Алар мындан да мыкты беттештерди көрсөтсүн деп ниет кылдык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтөбүз", — деген Eagle FC уюмунун президенти.
Бусурманкул Абдибаит уулу буга чейин М-1 Global промоушенинде беттешке чыгып келген. Ал жалпысынан 16 ирет кармашып, 13үндө уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0