Бишкектеги сумо: 65 кг балбан абсолюттук таймашта 190 кг атлет менен кармашты. Видео

© Sputnik / Бозулан ЫсаковБишкекте сумо күрөшү боюнча шаардын ачык биринчилиги жыйынтыкталды
Бишкекте сумо күрөшү боюнча шаардын ачык биринчилиги жыйынтыкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Уюштурулган мелдеш сумону өнүктүрүү жана жайылтуу, атлеттердин чеберчилигин өстүрүү максатын көздөгөн.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте сумо күрөшү боюнча шаардын ачык биринчилиги жыйынтыкталып, абсолюттук жарышта 190 килограммдык атлет менен 65 килограммдык балбан кармашты.
Шаардын ачык чемпионатында калаалыктардан тышкары республиканын бир катар облустарынан келген жаштар (18 жашка чейинки) жана чоңдор (18 жаштан ашкан) арасында таймаш жүргөнүн мелдештин башкы калысы Эмирлан Качкымбаев Sputnik Кыргызстанга билдирди.
"Жалпысынан 150дөн ашык сумо чеберлери күч сынашты. Мелдештин максаты — сумо спортун өнүктүрүү жана жайылтуу, атлеттердин чеберчилигин өстүрүү жана мыктыларды аныктоо. Жеңүүчүлөрдөн шаардын командасы түзүлүп, июнь айында Ысык-Көлдө өтүүчү Кыргызстандын чемпионатына катышат", — деди ал.
Чоңдор арасында 65, 70, 85, 100 жана 115 килограммдан жогорку салмакта, ал эми жаштар арасында 35, 42, 48, 55, 65, 70 килограммдагы спортчулар арасында кармаштар өтүп, чемпиондор аныкталды.
Эң алп атлеттер 130 килограммдык Тилек Усупов менен 190 килограммдык Алмаз Эргешов жогорку салмактын жарым финалында беттешти. 
Өз салмактарында (чоңдор) чемпион болгон сумо чеберлеринин арасында абсолюттук чемпион наамына таймаш жүрдү. Финалда 190 килограмм салмактагы Алмаз Эргешов менен 65 килограмм салмактын жеңүүчүсү Илияз Нурланбек уулу таймашты. Алп балбан атаандашын жеңип алды.
© Sputnik / Бозулан ЫсаковФиналда 190 килограмм салмактагы Алмаз Эргешов менен 65 килограмм салмактын жеңүүчүсү Илияз Нурланбек уулу таймашты
Турнир по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Финалда 190 килограмм салмактагы Алмаз Эргешов менен 65 килограмм салмактын жеңүүчүсү Илияз Нурланбек уулу таймашты
Мелдештин расмий ачылышына Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун координатору Танака Шинья катышты. Сумонун мекени, күн чыгыш өлкөсүнүн өкүлү аталган спортко Кыргызстанда жаш-карысына карабай катышып жатканын көрүп кызыгып, таң калганын айтты.
© Sputnik / Бозулан ЫсаковМелдештин расмий ачылышына Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун координатору Танака Шинья катышты
Турнир по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мелдештин расмий ачылышына Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун координатору Танака Шинья катышты
"Кыргызстанда чоңдор менен катар жаш балдар-кыздар да сумо күрөшүнө кызыкканы мени таң калтырып, сүйүндүрдү. Бирок бул жакта Япониядагы салттуу сумодон кээ бир эрежелеринде бир аз айырма бар экен. Кыргызстан бул мелдешти коңшу Казакстан, Монголия өлкөлөрү менен биргеликте өткөрсө сумо дагы да жаңы деңгээлге чыгат", — деди ал.
Мелдешти мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен өлкөнүн Сумо күрөшү ассоциациясы биргеликте уюштурду.
Жаңылыктар түрмөгү
0