Италиялык футболчу 65 метр аралыктан укмуштуудай гол киргизди. Видео

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүФутболчулар оюн учурунда. Архив
Футболчулар оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Футболчу 65 метрлик аралыктан таамай тээп гол киргизди. Анын командасы беттеште жеңишке жетишип, бул гол Пушкаш сыйлыгына татый турганы айтылууда.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Италиянын "Кремонезе" футбол клубунун коргоочусу Микеле Кастаньетти атаандаштын дарбазасына 65 метр аралыктан тээп, фантастикалуу гол киргизди. Бул тууралуу RT маалымат булагы жазып, голдун видеосун чыгарды.
​Керемет окуя Серия B чемпионатынын 29-турунда "Энтелла" менен "Кремонезе" командаларынын беттешинде болду. 60-мүнөттө "Энтелланын" дарбазачысы коноктордун кезектеги чабуулунун мизин кайтарып, топту тосуп алган. Заматта каршы чабуул жасап, топту айып аянтынын сызыгынан каршы тарапка ыргыткан.
Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Кайрат клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
"Кыргызстандык Месси" Казакстанда керемет гол киргизди. Видео
Бул учурда "Кремонезенин" коргоочусу Кастаньетти бийикте көкөлөп келген топту жерге түшүрбөстөн 65 метр аралыктан "Энтелланын" дарбазасын көздөй тээп, гол киргизген. Дарбазачы күтүлбөгөн каршы чабуулда топту тосууга жетишпей калган.
Бул беттештеги экинчи гол "Кремонезе" командасына жеңиш алып келип, оюн 2:0 менен аяктаган.
Көрүүчүлөр жана спорттук эксперттер гол кооз болгонун, анын Пушкаш сыйлыгына татый турганын белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0