Жаңы уюмда ат салыша турчу Бусурманкул Абдибаит уулу таразага түштү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу. Архив
Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Мелдеш бүгүн, 19-мартта, Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Кыргызстандык атлетке россиялык Владислав Королевский атаандаш болмокчу.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмундагы беттешинин алдында таразага түшүү процедурасынан өттү. Анын салмакты текшерүүдөн өткөндөн кийин промоушен үчүн фотосессия жасап жаткан видеосун жергиликтүү спорттук пабликтер чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Жессика Ай менен беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Сулата тээп, жыга чапкан кыргызстандык ММА мушкерлеринин нокауттары
UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун лигасынын EFC 34 мелдеши бүгүн, 19-мартта, Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болот.
Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.
Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0