Көк бөрү: Нооруздагы мелдешке Казакстандын командасы келбей турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын көк бөрү оюнчулары. Архив
Казакстандын көк бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Жазылуу
Нооруз мелдешине карата чет жактардан команда чакыруу чечими Көк бөрү федерациясынын 2021-жылдагы календарлык планында кабыл алынган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 21-мартта Нооруз майрамына карата жана Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шерниязовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстан, Афганистандан чакырылган командалар келбей турган болду. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга эпидемиологиялык абал жана чек арадагы чектөөлөр себеп болгон.
"Казакстан менен Афганистандан чакырылган командалар эпидемиологиялык абалга байланыштуу оюнга даярданып жетише албай калышты. Ошондуктан келбей турганын билдиришти. Биз аларды өзүнчө мелдеш уюштуруп чакырабыз. Чектөөлөргө байланыштуу чек аралардагы маселелер да буга себеп болду. Чек ара качан ачылары белгисиз болчу. Кыргызстандын президентинин Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынан улам гана чек арада чектөө бир аз жеңилдеди", — деди ал.
Өлкөнүн Көк бөрү боюнча улуттук федерациясы аталган турнирге Казакстан жана Афганистандан командаларды чакырган болчу. Нооруз мелдешине карата чет жактардан команда чакыруу чечими федерациянын 2021-жылга карата каралган календарлык планында кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0