Буту менен кекиртектен алды. Шевченконун атаандашы Нуньестин жеңиши видеодо

© AFP / STEVE MARCUSUFC чемпиону Аманда Нуньес. Архив
UFC чемпиону Аманда Нуньес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Нуньес UFC тарыхында эки башка салмак категорияда тең чемпион болуп турган аял. Шевченкону убагында эки ирет жеңген.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун эзелки атаандашы, бразилиялык Аманда Нуньес чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий социалдык баракчасында жазылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Ал Бишкек убактысы боюнча бүгүн Лас-Вегаста өткөн UFC 259 турниринин башкы беттештеринин биринде австралиялык Меган Андерсон менен беттешкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Биринчи раунддун экинчи мүнөтүндө Нуньес жыгылган атаандашынын мойнун жана колун өзүнүн эки бутун бириктирип туруп кайырганда беттеш токтотулган. Беттеш башталганганда эле Андерсон алсыздыгын көрсөткөн.
Муну менен бразилиялык спортчу жарым орточо салмактагылар (65 кг) арасында наамын сактап калды. Ал ортороок салмакта дагы (61 кг) чемпион экенин белгилей кетели. Мындайча айтканда, UFC тарыхында эки категорияда тең бел курун кармап турган аял. ММА боюнча жалпысынан 21 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.
Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды
Кыргызстандык мушкер Шевченко буга чейин Нуньес менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган.
Алгачкы жолу UFC 196 мелдешинде бразилиялык спортчуга калыстардын бирдей чечими менен жеңиш ыйгарылса, UFC 215 таймашында калыстардын көбү Нуньеске упай беришкен.
Кийин кыргызстандык мушкер эң жеңил салмак категориясына өтүп чемпион болгон. Ошондон бери "Нуньес менен аягына чыкпай калган окуя" тууралуу айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0