Кыргызстандык жеңилбес мушкер ONE Championship уюмунда дебюттук беттешине чыгат

© Фото / Pexels / Pavel DanilyukММА боюнча мушкер. Архив
ММА боюнча мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Промоушендин Fists of Fury 2 мелдеши 5-мартта Сингапурда өтөт. Кыргызстандык атлеттин атаандашы япониялык Йошики Накахара болмокчу.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жеңилбес мушкер Руслан Эмилбек уулу ONE Championship уюмунда дебюттук беттешине чыгат. Мелдештин расмий постерин аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ONE Championship (@onechampionship)

Промоушендин Fists of Fury 2 мелдеши 5-мартта Сингапурда өтөт.
Кыргызстандык атлеттин атаандашы япониялык Йошики Накахара болмокчу.
Руслан Эмилбек уулу ММА спортунда 12 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Ал эми анын атаандашы Йошики Накахара 18 беттештин 13үн утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0