Дзюдо боюнча Бишкекте өтчү Азия жана Океания мелдешинин расмий постери чыкты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүДзюдо боюнча мелдеш. Архив
Дзюдо боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Мелдеш Эл аралык дзюдо федерация бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Көрүүчүлөр киргизилбейт. Күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте дзюдо боюнча өтө турган рейтингдик Азия жана Океания чемпионатынын расмий постери чыкты. Мелдешти өткөрүүгө даярдык кызуу жүрүп жатканын аталган спорт боюнча улуттук федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт.
"Бул Кыргызстан дзюдосу үчүн өтө маанилүү окуя. Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Чемпионат Олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында. Турнирге 500дөй балбан катышары пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерация бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Мелдештин жүрүшүн "КТРК Спорт" телеканалы түз алып көрсөтөт. Мындан тышкары, Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат.
Спорттук иш-чаранын алкагында Азия дзюдо федерациясынын конгресси да пландаштырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0