Ок аткандай. Футболчунун алыстан тээп киргизген голу видеодо

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутболчу оюн учурунда. Архив
Футболчу оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Мелдештин экинчи жарымында 26 жаштагы коргоочу алыстан туруп топ тээп, дарбазанын каптал жагына киргизген. Дарбазачы секирип тосо албай калган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бельгиянын футбол боюнча чемпионатында "Берсхот" клубунун оюнчусу Ян Ван Ден Берг "Генк" тайпасынын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди.
Видео Eleven Sports аталышындагы Twitter-аккаунтуна жарыяланды.
​Оюндун экинчи жарымында 26 жаштагы коргоочу алыстан туруп топ тээп, дарбазанын каптал жагына киргизген. Дарбазачы секирип тосо албай калган. Видео 1,3 миллион көрүүчү топтоду.
Ван Ден Берганын голу менен "Берсхот" "Генкти" 2:1 эсебинде ута алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0