Коңшу өлкөдөгү турнирге өлкө атынан алты жаачы ат салышып жатат. Спортчулардын эл аралык класстагы спорт чебери жана КРдин спорт чебери наамдары бар.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жаа атуу боюнча курама командасы Өзбекстандагы эл аралык Alpomish va Barchinoy мелдешине катышууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Ташкент шаарында кечээ, 22-февралда, башталган мелдеш 27-февралда жыйынтыкталат.
Турнирге өлкө атынан Асел Шарбекова, Улукбек Курсаналиев, Айтурган Маматкулова, Жибек Канатбек кызы, Азим Осмоналиев, Диана Канатбек кызы катышууда. Аларды башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов коштоп кеткен.
Намыс талашып жаткан спортчулардын эл аралык класстагы спорт чебери жана КРдин спорт чебери наамдары бар.
"Жогорку Кеңештин айрым депутаттары колуна бир үйдүн баасына тете саат тагынат" десе ишенесизби? Sputnik Кыргызстан депутаттыкына окшош сааттарды интернет дүкөнүнөн карап, болжолдуу наркын биле алды.