Өлкөнүн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 29 балбаны Киевде намыс талашат

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча мелдеш
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Келерки аптада Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөт.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандары Украинада өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш боюнча федерациясы кабарлады.
Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү
Ага Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшүнүн улуттук курама командасынын Улукбек Жолдошбеков, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу алдыңкы балбандары катышат.
Турнирге жалпысынан 29 балбан жөнөмөкчү. Спортчулардын тизмеси менен аталган федерациянын Facebook баракчасынан кенен тааныша аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0