16:40 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
135 0 0

Келерки аптада Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөт.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандары Украинада өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш боюнча федерациясы кабарлады.

26-28-февралда Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөт.

Ага Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшүнүн улуттук курама командасынын Улукбек Жолдошбеков, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу алдыңкы балбандары катышат.

Турнирге жалпысынан 29 балбан жөнөмөкчү. Спортчулардын тизмеси менен аталган федерациянын Facebook баракчасынан кенен тааныша аласыздар.

Тема боюнча

Бишкекте алыш күрөшүнүн чеберлери күч сынашып, ага кыздар да катышууда. Сүрөт
Эсинен тандыра уруп... UFC мелдешинен алынган бир нече учурдун видеосу
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу
Белгилер:
балбал, Кыргызстан, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, мелдеш, Украина

ЭҢ МААНИЛҮҮ