Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу

© Фото / Pixabay / AV_PhotographerАралаш мушташ өнөрү боюнча мээлейлер. Архив
Аралаш мушташ өнөрү боюнча мээлейлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында кечээ, 20-февралда, өттү. Марада бир миллион сом жана чемпиондук кур бар.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун гран-при мелдешиндеги беттешин нокаут менен утту. Окуянын видеосун кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер Instagram баракчаларына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, техникалык нокаут деп катталды.
ММА мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
ММА мушкери Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунда кезектеги беттешке чыгат
Чейрек финалдык дагы бир жупта бразилиялык Матеус Сантос россиялык Александр Володинди утту.
Эми Абдыкааров жарым финалда Сантос менен кездешет.
Жарым финалдык кармаштын күнү азырынча айтыла элек.
Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында өтүп жатат. Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0