Дзюдо, бокс, тогуз коргоол. Бир катар спортчуга наам ыйгарылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүБок мелдеши учурунда. Архив
Бок мелдеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулар эл аралык класстагы спорт чебери жана спорт чебери болушту.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кыргызстандык бир катар спортчуга наам ыйгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Спорттук наамды алгандардын арасында бокс, күрөш менен машыгып, тогуз коргоол, гольф ойногондору бар.
"Кыргызстандын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, аталган агенттиктин буйругу менен "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" жана "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамдары спорттун түрлөрү боюнча ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Маселен, Дарья Шлейге (21 жашта) таэквон-до ИТФ, ал эми Агата Быковскаяга (19 жашта) көркөм гимнастика боюнча "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" наамы берилди.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов Гулдана Талантбекова спорт журналистке сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2020
Спорт агенттиги журналисттерге төш белги жана Ардак грамота ыйгарды. Сүрөт
Мындан сырткары, дзюдочулар Султан Жеңишбеков (20 жашта), Айсулуу Мусакулова (18 жашта), Салтанат Жумашева (17 жашта) жана Жанар Жолдошева (15 жашта) Кыргыз Республикасынын спорт чебери болушту.
"Спорт чебери" наамы белбоо күрөштүн балбандары Рысбек Орунов (25 жаш), Мирболот Мирсали уулу (22 жашта) жана Мырзабек Кочкоровго (19 жашта), самбо күрөшүнөн Самара Абдумалик кызы (24 жаш), Актилек Жакыпбековго (21 жашта), кол күрөш балбаны Айжан Анарбековага (20 жашта) ыйгарылды.
Бокстан Нурадин Рустамбек уулуна (20 жашта), тогуз коргоолдон Мундузбек Төлөгөновго (27 жашта) жана гольф спортунан Жантай Малатаевге (20 жашта) "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0