Грек-рим күрөшүнөн өлкө чемпионатын тейлөөгө эл аралык калыстар чакырылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүБалбандар беттеш учурунда. Архив
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Турнирди Спорттук күрөш федерациясы жана Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция биргеликте уюштуруп жатат.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатын кошуна мамлекеттерден келген эл аралык даражадагы калыстар тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Мелдеш бүгүн, 17-февралда, баш калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында башталып, эки күнгө созулат.
Чемпионаттын биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта 120дай балбан килемге чыгат.
"Биз мелдеш калыс өтсүн деген максатта атайын Казакстан, Өзбекстандан эл аралык деңгээлдеги калыстарды чакырдык. Бул турнирде Олимпиадалык лицензиялар ойнотулуучу мелдештерге жана Азия чемпионатына катышчу балбандар тандалат. Ошондуктан бейтарап калыстар тейлесе чыныгы күчтүүлөр чыгат деген максатта ушундай чечим кабыл алынды", — деди башкы машыктыруучу.
Бильярдчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Аталган мелдешти Спорттук күрөш федерациясы жана Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция биргеликте уюуштуруп жатат.
Алгачкы этаптагы кармаштар саат 11:00дө башталат. Ал эми мелдештин расмий ачылышы саат 17:00гө белгиленген.
Эскерте кетсек, турнирдин жүрүшүн "КТРК-Спорт" телеканалы, Kyrgyz Sport TV жана Bigser Sport Youtube каналдары түз алып көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0