ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМосковский марафон 2018
Московский марафон 2018 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 15-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык ШКУ марафону старт алат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.
Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү, ошондой эле калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлөт.
"Жарыш 15-майда саат 8: 00дө Чолпон-Атадагы ат майданда старт алат. Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон 42,19 чакырым, жарым марафон 21,97 чакырым, 10 чакырым жана 3 чакырым. Ал эми кийинки түрү скандинавиялык басуу үч чакырымдык аралык", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, расмий мелдештер өтүүчү бардык трассалардын аралыктары World Athletics (Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясы) уюмунун эрежелерине ылайык Марафон жана жарыштардын эл аралык ассоциациясы (AIMS) тарабынан сертификацияланган.
ММА боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
1 млн. рубль сыйлык. Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун мелдешине катышат
2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген
Катышуу үчүн http://runthesilkroad.com/ сайты аркылуу арыз калтырып же Эл аралык марафон дирекциясынын кеңсесине кайрылуу керек.
Кошумчалай кетсек, Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык ШКУ марафону эпидемиялык абалга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Бул иш-чара Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чараларынын планына ылайык 2020-жылдын 2-майында өтүшү керек болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0