Дарыгер тыныгуудан кийин спорт менен туура машыгуунун жолун айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮйүндө машыгып жаткан кыз. Архив
Үйүндө машыгып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Адис белгилегендей, айрыкча коронавирус менен ооруп айыккан, иммунитети начар адамдар спорт менен машыгууну өтө этияттык менен башташы керек.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өзүн-өзү изоляциялоо режиминен кийин адам спорт менен алектенем десе, акырындык менен чуркап, чоюлуп, туура тамактанып башташы керек. Бул тууралуу дарыгер Андрей Тяжельников билдиргенин РИА Новости жазды.
Дарыгер салмакты дароо түшүрүп жибергидей диета кармоодон этият болууну эскерткен.
"Негизи форманы пандемия учурунда деле кичинеден дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, бир калыпта кармап жүрүүгө аракет кылуу зарыл. Эгер көп убакыт тыныгуудан кийин спорт менен алектенүүнү чечсеңиз, анда ага акырындык менен киришип, чуркап, чоюлуп, анча оор эмес дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо менен баштаңыз", — деген Тяжельников.
Адис белгилегендей, айрыкча коронавирус менен ооруп айыккан, иммунитети начар адамдар спорт менен машыгууга өтө этият мамиле жасашы керек.
Тез-тезден жана узак убакыт машыгуу ооруп айыккан адамды кайра алсыздандырып, ден соолугуна залакасын тийгизип коюшу мүмкүн. 
Жаңылыктар түрмөгү
0