"Формула-1" жарышынын чебери Алонсо велосипед тээп баратып кырсыкка кабылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Формула-1" автожарышынын чебери, эки жолку дүйнө чемпиону Фернандо Алонсо. Архив
Формула-1 автожарышынын чебери, эки жолку дүйнө чемпиону Фернандо Алонсо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
39 жаштагы пилот үч жылдык тыныгуудан соң быйыл жарышка кайра келгени жаткан. Бул сезондо ал "Альпин" командасынын желегинин астында чыкмак.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. "Формула-1" автожарышынын чебери, эки жолку дүйнө чемпиону Фернандо Алонсону унаа коюп кетип жаагы сынды. Бул тууралуу маалыматты Gazzetta dello Sport маалымат булагына таянып eurosport жазды.
Шамалдан озгон унааны айдаган пилот кырсыкка велосипед менен бара жатып учураганын "Альпин" командасынын маалымат кызматы билдирген.
"Алгачкы медициналык кароодо анын жаагы сынып, бир тиши түшкөнү маалым болгон. Жакында башталуучу жарыштын алгачкы мелдештерине катышпай калышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Алонсонун абалы боюнча акыркы медициналык кароо бүгүн, 12-февралда, болору белгиленет.
Лыжачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Сынган буту менен марага келип... Финляндиялык лыжачы кыздын мелдештеги окуясы
39 жаштагы пилот үч жылдык тыныгуудан соң быйыл жарышка кайра келгени жаткан. Бул сезондо ал "Альпин" командасынын желегинин астында чыкмак.
Испаниялык спортчу Фернандо Алонсо "Формула-1" автожарышы боюнча эки жолку (2005, 2006) дүйнө чемпиону болуп саналат. Бул титулдарга ал "Рено" командасынын курамында жүрүп жетишкен. Пилот 2001-жылдан 2018-жылга чейин жарышка катышып, "Минарди", "Макларен" жана "Феррари" командаларынын намысын коргогон.
"Формула-1" жарышынын быйылкы мелдештери мартта Бахрейнде башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0